Сабак 2. «Орус адабиятын жана маданиятын түшүнүүгө үйрөнүү»
6-ноябрда «Орус адабиятын жана маданиятын түшүнүүгө үйрөнүү» окуу курсунун алкагында кезектеги онлайн сабак өттү. Бул сабакта окуучулар орус эл жомогунун «Балтадан жасалган ботко» ылайыкташтырылган тексти менен таанышып, чыгармага идеялык-мазмундук талдоо жүргүзүп, лексикалык жана грамматикалык тапшырмаларды аткарышты (сөздүн мүчөлөрү, антоним, этиштин формалары, предлог- зат атоочтун учур формалары). Орустардын күнүмдүк маданиятын үйрөнүү менен угармандар элдик жомоктун негизинде жаралган (реж. И. В. Уфимцев, 1982) «Балтадан жасалган ботко» мультфильминин кадрларына кайрылышкан. Сабактын жүрүшүндө каармандарга мүнөздөмө берүү чеберчилиги өркүндөтүлдү, эркин курулган жооп менен тапшырмаларды аткаруу жөндөмү өстү.