Сабак 6. «Орус адабиятын жана маданиятын түшүнүүгө үйрөнүү»

27-ноябрда «Орус адабиятын жана маданиятын түшүнүүгө үйрөнүү» курсунун угуучулары XX кылымдагы орус адабиятын чагылдырган М.А.Булгаковдун «Короз менен сүлгү» (1926) повестинин тексти менен таанышты. Чыгарманы окугандан кийин окуучулар анын мазмуну боюнча суроолорго жооп беришти, аталыштын маанисин талкуулашты, автордун позициясын түшүнүштү, бир катар лексикалык жана грамматикалык көнүгүүлөрдү аткарышты (этиштин формалары, префикстүү жана префикссиз этиштер, префикстердин маанилери, кириш сөздөр) . Михаил Булгаковдун врачтык кесиптин кунделук эрдигине арналган повести туруктуу мааниге ээ жана бардык убакта актуалдуу. Сабактын материалын өздөштүрүү «Менин өлкөмдө медициналык жардам» деген темада өзүңүздүн текстиңизди түзүүнү сунуш кылган үй тапшырмасында улантылат.u6 1